​Салык органдарында кадрдык өзгөрүүлөр болду

  • 4 года мурун

Аймактык салык органдарында бир катар кадрдык чечимдер кабыл алынды. Тиешелүү чечимдерге мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Кабыл Абдалиев кол койгондугун басма сөз кызматы билдирди.

Басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, Ош шаары боюнча салык органынын башчысы Э. Чоюнов Жалал-Абад салык органынын башчысы болуп дайындалды.

Ош шаары боюнча салык органынын башчысынын милдетин аткаруучу болуп, сынак тандоосу өткөрүлгөнгө чейин ушул эле салык органынын бөлүм башчысы Р. Аданов дайындалды.

Жалал-Абад салык органынын башчысы К. Ормонов Бишкек шаарынын Октябрь району боюнча салык органынын башчысы болуп дайындалды.

Ал эми Октябрь салык органынын башчысы А.Каримов мамлекеттик салык кызматынын борбордук аппаратынын бөлүм башчысылыгына которулду, -деп айтылат маалыматта.

“Ротация кадрдык саясаттын бөлүгү катары коррупцияга каршы аракеттерди жөнгө салууга жана салык органдарынын кызматкерлеринин кесипкөйлүк, адеп-ахлактык жактан калыптануусуна мүмкүндүк берет” деген максат коюлду.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты