Тажикстан элчиси ТИМге чакыртылды

  • 4 года мурун

Кыргызстандын тышкы иштер министрлигине 14-февралда түштөн кийин Тажикстандын Кыргызстандагы элчиси Назирмад Ализода чакыртылды.

Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин маалымат департаменти билдирди.

Маалыматта мындай деп айтылат:

— Жолугушуу учурунда Тажикстандын Согди облусунун ички иштер башкармалыгынын жаңы дайындалган башчысы, милициянын генерал-майору Абдулло Навджувоновдун айткандары боюнча сүйлөшүү жүргөн.

Тактап айтканда, Тажикстандын айрым ЖМКсында жана интернет сегментинде 2020-жылдын 13-февралында “Эгер тарыхты карап көрсөк, мурда Баткен эч убакта кыргыздын жери болгон эмес” деп айтканы жарыяланган. Бул жумшак айтканда Согди облусунун ички иштер башкармалыгынын башчысы тарыхты бурмалап, фактыларды алмаштырып “ата-бабалары кыргыздарды алып келип, аларга жер берген, эми бул тажик тарапка көйгөй болуп саналат” деген.

Бийик даражалуу кызматтагы аткаминердин, болгондо да укук коргоо органынын өкүлү мындай айтууга болбой турганын, кайра алар чагымчыл билдирүү жана аракеттерди жоюунун үстүндө иштеши керектиги белгиленди.

Кыргыз тарап расмий Дүйшөмбүдөн талаптагыдай реакция күтөрүн, мындан ары мындай фактылардын кайталанбасына ишенээрин билдирет, — деп айтылат Кыргыз Республикасынын ТИМ маалымат департаментинин билдирүүсүндө.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты