​Чек арадан 9 млн сомдон ашык мыйзамсыз товар ташыгандар аныкталды

  • 4 года мурун

“Ак-Тилек” көзөмөл-өткөрмө пунктунан 397 миң сом суммасында оюнчук, 3,4 млн сомдук килем буюмдары, 1,2 млн сомдук кондитер азыктарын, 4,3 млн сомдук газбетон буюмдарын өндүрүү үчүн автоматташтырылган линияны алып бара жаткан унаалар кармалган.

Мыйзам бузууларды салык кызматынын кызматкерлери кыргыз-казак чек арасында жайгашкан көзөмөл-өткөрмө пункттарга жакын жердеги товарларды эсепке алуу пункттарынан аныкташты.

Импорттоочуларда товарды ташып келүүгө салыктык каттоо жөнүндө салык органынын маалымкаты жана коштомо кагазы жок болгон.

Мыйзам бузуу материалдары мобилдик топко ( финполиция) андан аркы иш-чараларды өткөрүү үчүн өткөрүлүп берилди.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты