Айыл чарба министри өзү курулушчу болсо, көрсөткүчтөр төмөн болбой анан…

  • 4 года мурун

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги өз демилгеси менен бир да долбоорду ишке ашырган жок.

Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов мекеменин 2019-жылдагы иштеринин жыйынтыгы боюнча өткөрүлгөн кеңейтилген коллегияда билдирди.

«Силерге караштуу 428 730 ишкана жана чарба бар. Бирок алардын ишмердүүлүгүнөн түшкөн салык 2% гана түзөт. 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча ИДПдагы айыл чарбанын үлүшү болгону 2,6% түздү. Силер ал тургай өз планыңарды 3% толтура алган жоксуңар. Кайсы бир учурда бул көрсөткүч 42% жеткен. Мындай көрсөткүчтөн кийин биз агрардык өлкөбүз деп баса айтуу кыйын» деди Боронов.

Эркинбек Чодуев айыл чарба жана тамак-аш өнөр жайы жанга мелиорация министрлигине 2019-жылдын май айында келген.

Анын талапкерлигин министрликке тандап жатканда депутаттар айыл чарба министрлигине көрсөтүлгөн Эркинбек Чодуевдин кесиби курулушчу экенин, эми гана агрардык университеттин 3-курсунун студенти болуп жаткандыгын сындашкан эле.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Чодуев айыл чарба министрлигинде беш жыл орун басар болуп иштеп келгенин, бул жакта тажрыйбасы бар экенин белгилеген болчу.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты