Бишкекте май алмаштыруучу жайдан өрт чыкты (Видео)
- 4 года мурун
- Мультимедиа
Бүгүн, 12-февралда, кечинде Бишкек шаарынын Биринчи Май районунда, Жибек-Жолу жана Тимирязев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан май алмаштыруучу жайдан жана жанаша жайгашкан турак үйлөрдөн өрт чыккан.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы өрт тууралуу мындайча маалымат берди:
-Өрттү өчүрүүгө саат 20:41де жалпы 7 бөлүм, штаб жана ыкчам топ, саат 21:20да өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын куткаруу кызматынан 4 куткаруучу тартылган.
Кийинчерээк ӨКМден жалпы 10 бөлүм болду.
Мындан сырткары “Бишкексууканалдан” суу ташуучу унаа, Бишкек жашылдандыруу чарбасынан суу ташуучу унаа, “Тазалык” ишканасынан суу ташуучу унаа ИИМден 4 унаа, 111 кызматкер, 2 тез жардам унаасы, РЭТ жана Бишкек газ чарбасынын кызматкерлери тиешелүү иш-чараларын жүргүзүүдө.
Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Д. Алимбеков иш-чараны көзөмөлдөөдө, — деп билдирди өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.
Сүрөт: ӨКМ.басма сөз кызматы.