​Россия Кант шаарына аба соккусунан коргогон техника орнотууну көздөп жатат

  • 4 года мурун

Россия Кыргызстандын Кант шаарындагы авиабазасына аба соккуларынан коргой турган техника орнотууну көздөп жатат.

«РИА Новости» кабарлагандай, бул тууралуу Орусиянын коргоо министринин орун басары Николай Панков Канттагы базанын макамы жана анын жайгашуу шарттары боюнча протоколду ратификациялоо боюнча Мамлекеттик Думанын жыйынында билдирди.

Президент Владимир Путиндин 2019-жылы Кыргызстанда өткөн мамлекеттик сапарынын алкагында Орусиянын бирдиктүү аскер базасы боюнча келишим жаңыртылган.

Протоколго ылайык, базанын аянтын кеңейтүү жана учкучсуз аппараттарды колдонуу эрежелерине өзгөртүү киргизилген.

Орус тарап бирдиктүү базадагы жерди колдонуш үчүн Кыргызстанга жылына 4 миллион 794 миң доллар төлөмөй болгон. Мурда бул сумма 4,5 миллион доллардын тегерегин түзчү.

Кыргызстанда Орусиянын төрт аскер объектиси жайгашкан. Алардын эң ириси — Канттагы авиабаза.

Сүрөт: AFP.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты