Финполиция экс-кызматкери коррупциялык схема уюштурууга шектелүүдө

  • 4 года мурун

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин коррупцияга каршы кызматы ЕАЭБ өлкөлөрүнөн товар ташып кирүүдө коррупциялык схеманын бетин ачты.

Ал коррупциялык схеманы уюштурууга экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын (финполиция) Ысык-Ата жана Аламүдүн райондору боюнча башкы экс-опер кызматкери К.С. А. шектелүүдө.

Финполициянын андагы башкы опер кызматкери К.С.А 2017-2018-жылдары кызыкдар кишилер менен келишип алып, Кыргызстандан ЕАЭБ өлкөлөрүнө жалпы суммасы 127 млн сомдук товар импорттогон.

Андан төлөнбөй калган салык 15 млн сомдон ашуун болгон.

Экс-опер кызматкер эл аралык издөөдө турган “БМВ Х5” машинасын пайдаланып жүргөндүгү да аныкталган.

К.С.А.га кылмыш-жаза кодексинин 319-беренеси, коррупция боюнча айып коюлуп, эки айга УКМК убактылуу жайына камакка алынды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты