​Чек арадан мыйзамсыз товар ташып кирүүгө бөгөт коюлду

  • 4 года мурун

Салык кызматынын кызматкерлери кыргыз-казак чек арасында жайгашкан көзөмөл-өткөрмө пункттарга жакын жердеги товарларды эсепке алуу пункттарынан Кыргыз Республикасына мыйзамсыз товар ташып кирүүгө бөгөт койду.

Алсак, “Чалдовар” көзөмөл-өткөрмө пунктунан 590 миң сом суммасында авиажабдык, 20 тонна алма, 25 тонна буудай алып бара жаткан унаалар кармалган.

“Чоң-капка” көзөмөл-өткөрмө пунктунан 20 тонна кесек порошогун, 1 тонна капустаны алып өтүүгө аракет жасашкан.

Товар ташып келүүгө салыктык каттоо жөнүндө салык органынын маалымкаты жана коштомо кагазы жок болгон.

Мыйзам бузуу материалдары мобилдик топко (финполицияга) андан аркы иш-чараларды өткөрүү үчүн өткөрүлүп берилди.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты