​2019-жылы Кыргызстанга 8,5 млн ашык чет элдик жаран келген. Алардын баары туристтерби?

  • 4 года мурун

Өткөн жылы Кыргызстанга келген чет элдик жарандардын саны 8,5 млн дон ашты. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев туристтик тармакты өнүктүрүү боюнча эл аралык эксперттер менен жолугушууда билдирди.

«Мен келгендердин баары туристтер деген ойдон алысмын. Бирок жок дегенде булардын жарымы биздин өлкөгө эс алуу үчүн келди деген ойдомун…

2019-жылы ички дүң продукциядагы туризмдин үлүшү 5% түзсө, 2023-жылга карата бул көрсөткүчтү 7%га чейин жеткирүүнү пландап жатабыз” деди Аблыгазиев эл аралык эксперттерге кайрылды.

Өкмөт башчы республика эксперттик пикирге жана финансылык колдоого муктаж экенин белгиледи.

Премьер-министр жаздын башталышы менен бардык түзүмдөрдүн, эл аралык донорлор менен эксперттердин катышуусунда ата мекендик туризмди өнүктүрүүнүн жолун талкуулай турган туристтик форум уюштурууну тапшырды.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты