Кыргызстанга качып келген кордойлуктар үйлөрүнө кайтууда

  • 4 года мурун

Казакстандын Жамбыл облусунун Кордай районунда болгон башаламандык учурунда Кыргызстандын аймагына өтүп кеткен 8 миңге чукул казакстандык үйлөрүнө кайтты.

Бул тууралуу Жамбыл облусунун акими Бердибек Сапарбаев билдирди. Аким аймактагы абалды “туруктуу” деп сыпаттады. 10-февралдан тарта мектептер, бала бакчалар, дүкөндөр иштей баштады.

Сапарбаевдин билдиришинче, Кордой районунда казактар менен дунгандардын ортосундагы чырдан 19 полиция кызматкери жабыркаган.

– Беш күн аралыгында 178 адам дарыгерлерге кайрылган. Алардын ичинен 19у полиция кызматкери. 10 киши өлдү. Маркумдардын үй-бүлөлөрүнө жардам көрсөтүлүүдө, – деди аким.

Учурда Кордай районундагы ооруканада 13 киши дарыланууда, 20 киши Алматыдагы ооруканаларга жеткирилген. Аким Кыргызстандагы ооруканаларда жабыркагандар калбаганын, алардын баарын алып кетишкенин билдирди.

Чиновник өкмөттүн жыйынынан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, жакын арада зыяндын суммасы аныкталып, жабыркагандарга компенсация төлөп берүү маселеси караларын айтты.

Ал чыр тиричилик маселелеринен улам келип чыкканын белгиледи.

Казак бийлиги 7-8-февралда Кордай районундагы тополоңду иликтөө үчүн 25 кылмыш ишин козгогон.

Мамлекеттик чек ара кызматы 9-февралда саат күндүзгү 10.00го карата 1000ден ашуун казак жараны Кыргызстандан чыгып кеткенин кабарлаган.

8-февралга караган түнү Казакстандын Кордай районундагы Масанчи, Шордөбө, Каракемер айылдарындагы баш аламандыктан 10 адам каза болгон. 40 киши жаракат алган, 25 турак үй, 31 коммерциялык объект, 41 машина өрттөлгөн.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты