​Бир катар жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтөт

  • 4 года мурун

Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Чүй, Ош облустарынын жана Ош шаарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо 2020-жылдын 12-апрелине белгиленди.

Бул тууралуу жарлыкка Президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.

Шайлоо төмөндөгү жергиликтүү кеңештерге белгиленди:

— Баткен облусунун Лейлек районунун Бешкент, Маргун айылдык кеңештерине;

— Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Көк-Ирим, Атай айылдык кеңештерине, Аксы районунун Авлетим айылдык кеңешине, Майлуу-Суу шаардык кеңешине;

— Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов, Коңорчок, Жерге-Тал айылдык кеңештерине, Жумгал районунун Куйручук, Түгөл-Сай, Таш-Дөбө, Чоң-Дөбө, Кызыл-Жылдыз айылдык кеңештерине;

— Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Оргочор айылдык кеңешине, Ысык-Көл районунун Кум-Бел айылдык кеңешине, Балыкчы, Каракол шаардык кеңештерине;

— Чүй облусунун Аламүдүн районунун Арашан айылдык кеңешине, Ысык-Ата районунун Милянфан айылдык кеңешине, Токмок шаардык кеңешине;

— Ош облусунун Алай районунун Будалык, Коңур-Дөбө айылдык кеңештерине, Араван районунун Нурабад, Тепе-Коргон айылдык кеңештерине, Ноокат районунун Көк-Бел айылдык кеңешине, Кара-Суу районунун Сары-Колот айылдык кеңешине, Өзгөн районунун Алтын-Булак, Мырза-Аке айылдык кеңештерине;

— Ош шаардык кеңешине.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты