Жээнбеков Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү

  • 4 года мурун

Бүгүн, 10-февралда, Президент Сооронбай Жээнбеков Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Сооронбай Жээнбеков Касым-Жомарт Токаев менен Казакстандын Кордай районунда түзүлгөн абалды талкуулады жана ага колдоо сөздөрүн билдирди.

Жээнбеков Кыргызстан элинин атынан Кордой районунда болгон окуянын кесепетинен курман болгондордун жакындарына жана туугандарына көңүл айтып, жаракат алгандардын тез айыгып кетүүсүн каалады.

Кыргызстан оор мезгилдерде боордош казак элине ар дайым жардам берип келгенин жана жардам берүүсүн уланта берерин белгиледи.

Мамлекет башчылар эки тараптуу күн тартибинин келечек маселелерин талкуулашты.

8-февралга караган түнү Казакстандын Кордай районундагы Масанчи, Шордөбө, Каракемер айылдарындагы баш аламандыктан 10 адам каза болгон. 40 киши жаракат алган, 25 турак үй, 31 коммерциялык объект, 41 машина өрттөлгөн.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты