Икигай. Жашоодогу кубаныч

Япондордо бактылуу болуунун икигай принциптери кенири жайылган. Икигай жөнөкөй нерседен ырахат алуу, жан дүйнөң менен сырдаш болуп, жасар нерсеңден ырахат алып жашоо.

Икигай — жашоодо сага эмне кубаныч алып келсе, ошону издеп табуу, эртең менен ойгонуп, ойлорду иретке келтирүү, айлана-чөйрөдө болуп жаткан кубулуштарды, кооздуктарды көрүү, жашоону бир алкакка салып, бейпил өмүр кечирүү.

Икигайдын жардамы менен адам өз алдынчалуулукка, башкалардын ишин кайталабоого, аткарган ишиңди бирөө качан баалап берет деп күтүп отурбоого үйрөтөт.

Икигай ыкмасын колдонуп, Кыргызстанда бактылуу жашагандар кимдер? Бул тууралуу 8-февралда Борбор Азия университетинин чоң залында өткөн икигай күнүн белгилөө учурунда сөз болду.

JICA агенттигинин өкүлү Нэмото Наоюкинин икигайы

-Икигайымды мен 10 жашымда издеп баштагам. Кантип башкаларга жардам берем, мени азыркы учурда эмне кызыктырат, кайсы жактан кубаныч табам деген ойлор 10 жашымда эле ойлонтту. Окуумду бүткөндөн кийин Орто Азия мамлекеттерине саякаттап келдим. Башкалардай эле көчөдөгү тамактануучу жайлардан тамактанып, элдердин каада-салттары менен тааныштым. Менин икигайым башкалар мага жардам берсе, аларга кайрадан жакшылык менен жооп бериш керек деп билчүмүн. Кыргызстанга келгенден бери мага башкалар жардам берсе, аларга жакшылык менен жооп кайтарып, башкаларга да үйрөтүшүм керек экендигин түшүндүм.

“Unique technologies” компаниясынын президенти Азис Абакировдун икигайы

-Менин икигайым бул Кыргызстанда жашап, бүткүл дүйнө менен иштөө. “Unique technologies” компаниясынын түзүүдө мен Японияга барып келгенимде икигайымды таап, аны менен иштөөнү үйрөнгөм. Программисттер ассоциациясын түзүп, биз башка өлкөлөр менен иштешебиз. Ал эми икигайды колдонуп, айлана — чөйрөдөгү кооздукту байкоодо биз өзүбүз жашаган Бишкектеги үйүбүздүн коңшулары биригип, корообузду иретке келтирип, сакура багын тиккенбиз. Короодогу сакура жыл сайын гүлдөп турат. Мына ушул — менин айлана чөйрөмдөгү икигай.

“Народный” жана “Глобус” соода түйүндөрүнүн маркетинг директору Ксения Кочергинанын икигайы (солдо)

-Компанияда иштеп жүрүп, 2016-жылы конкурстан Японияга жолдомо утуп алып баргам. Ал жакка барганда өз икигайымды таптым. Окууга барганда биринчиден кечикпей барууну, кандайдыр бир ишке так оюңду бөлүүнү, жашоого болгон көз — карашты жакшыртууну, сага эмне керек болуп жатканын билүүнү, жашооңду тартипке салууну, бир нерсени жоготуп алуудан коркууну үйрөндүм.

Мен үчүн чоң жоготуу бул текке кеткен убакыт. Андан чоң жоготуу бул жакындарыңды жоготуу. Бир нерсеге багыт алсаң, анда бир нерседен баш тартышың керектигин түшүндүм. Мисалы мен сериал көрбөгөнүмө 10 жылдан ашты. Мындан эч кандай жоготууну көрө алган жокмун. Сериалсыз деле жашаса болот экен. Ошентсе да менин бул жашоого эмнеге келгенимди түшүндүм. Кыйынчылыктарга туш болсом, ал да менин икигайым, аны кыйынчылык деп кабыл алганым да икигай. Эмне гана болбосун, мен андан сабак алганга аракет кылам.

Айгүл Молдоканова

Сүрөттөр: Айгүл Молдоканова

Баш сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты