​Кыргызстанда маңзат ташыган топ кармалды

  • 4 года мурун

Ички иштер министрлиги ооган маңзатын ташыган топ колго түшкөнүн кабарлады.

Маалыматка караганда, ИИМ менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин биргелешкен операциясынын жыйынтыгында баңгизат каналын уюштурган адамдар кармалып, 274 килограмм гашиш жана 3,5 килограмм метамфетамин алынды. Учурда бул факты боюнча сотко чейинки тергөө иштери башталды.

Мындан тышкары Жалал-Абад облусунда маңзат даярдаган топ аныкталган. Маалыматка караганда, Токтогул районундагы үйлөрдүн биринде маңзат даярдаган жабдуулар жана 87 килограмм гашиш, 17 килограмм марихуана табылган.

Сүрөт: ИИМ басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты