​Казакстан: Жапырт мушташтан кийин

  • 4 года мурун

Казакстанда жапырт мушташтан кийин медициналык жардам сурап, дээрлик 180 киши кайрылган. Президент Касым-Жомарт Токаев бир катар аткаминерлерди, полиция кызматкерлерин кызматтан алууну буюрду.

Жабыркагандардын арасынан 14 кишинин абалы оор экенин Казакстан саламаттык сактоо министринин орун басары Камалжан Надыров билдирди.

Анын айтымында, 43 киши ооруканада жатат, алардын 14ү Кордойдо, бирөө Таразда, 25и Алматыда, төртөө — Кыргызстанда.

Бул тууралу РИА Новости агенттиги билдирди.

Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев жарандардын жапырт мушташынан кийин бир катар аткаминерлерди жумуштан алууну буюрду.

Президент Токаев полиция кызматкерлерин кызматтан алууну буюрду. Ошондой эле Жамбыл облусунун акими А. Мырзахметовго акимдин социалдык иштер боюнча орун басары Сулуучач Курманбекованы, Кордой районунун акими Болотбек Байтөлөнү кызматтан алууну буюрду.

Кырсыктын себеби

Казакстандагы жапырт мушташтын себеби жолдогу пикир келишпестиктен болгон деп билдирди Казакстандын ички иштер министринин орун басары Алексей Калайчиди.

“Бирөөлөрү жолдо түз бараткан, дагы үчөө жүк ташуучу чоң машинеде үйүнөн чыгып бара жатышкан. Кимдир-бирөө жол бошотпой койгон, Сөздөн сөз чыгып, ал жаңжалга айланып кеткен” деди Калайчиди.

Мамлекеттик чек ара кызматы 9-февралда саат күндүзгү 10.00го карата 1000ден ашуун казак жараны Кыргызстандан чыгып кеткенин кабарлаган.

8-февралга караган түнү Казакстандын Кордай районундагы Масанчи, Шордөбө, Каракемер айылдарындагы баш аламандыктан 10 адам каза болгон. 40 киши жаракат алган, 25 турак үй, 31 коммерциялык объект, 41 машина өрттөлгөн.

Казакстандын жаңжал чыккан бул айылдары Кыргызстандын Токмок шаарына тушташ, Чүй дарыясынын аркы өйүзүндө жайгашкан. Башаламандыктан кийин Кыргызстандын аймагына өткөндөр көбөйгөн.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты