​УКМК Бишкекте жасалма евро саткан жаранды кармады

  • 4 года мурун

7-февралда улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Бишкек шаарынан 10 миң 500 евро өлчөмүндөгү жасалма акча сатуу аракети учурунда 1993-жылы туулган А. С. аттуу Kыргызстандын жаранын кармады.

Бул тууралуу УКМК басма сөз борбору билдирди.

А.С. жасалма акчаны «К.Э.П.» ЖЧК акча алмаштыруучу жайынын кассири менен бирге саткан.

Кармалган жаран УКМК тергөө камак жайына киргизилди.

Бул мыйзамсыз ишке катыштыгы бар кишилерди аныктоо боюнча тергөө иштери улантылып жатат.

Сүрөт: жасалма евро, УКМК

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты