​RSF: Иранда журналисттер куугунтукталууда

  • 4 года мурун

«Чек арасыз кабарчылар» (RSF) эл аралык уюму Тегеранда украин учагы атып түшүрүлгөндөн кийин ондогон журналисттер суракка алынып, соцтармактагы аккаунттарын жабууга мажбур болгонун билдирүүдө.

Уюмдун 6-феврада жарыялаган билдирүүсүндө Иранда Ислам революциясынын сакчылар корпусунда иштеген чалгын кызматкерлери кеминде 21 журналистти суракка алганы айтылат. Бул кабарчылар учак трагедиясына байланыштуу мамлекеттин жалган маалымат таратып жатышына каршы чыгышкан.

«Чек арасыз кабарчылар» уюмунун иран бөлүмүнүн жетекчиси Реза Моини иран журналисттерин «мамлекеттик калптын кош курмандыктары» деп атады.

«ЖМК эркиндигин кысымга алуу калпты «мыйзамдаштырууга» жана Ирандагы адам укуктарынын олуттуу бузулушуна жардам бергенине бүтүндөй дүйнө көз салып турат» деп кошумчалады ал.

«Боинг 737-800» үлгүсүндөгү учак 8-январда таңга маал Ирандын борбору Тегерандан Киевди көздөй учуп чыгары менен эле кырсыкка кабылган.

Учактагы 167 жүргүнчү жана экипаждын тогуз мүчөсү, жалпысынан 176 адам мерт болгон.

Башында иран бийлиги авиакырсыкка учактын техникалык мүчүлүштүктөрү себеп болгонун билдирген. Кийинчерээк «Украина эл аралык аба жолдору» компаниясына таандык лайнер «душмандын объектиси» катары жаңылыш атылганын мойнуна алган. Жоопкерчилик Ислам ыңкылабынын сакчылар корпусуна жүктөлгөн.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты