Билим берүүнүн фин керемети: Китептер котормосунун бет ачары

Бүгүн, 7-февралда, Арабаев атындагы мамлекеттик университеттин илимий китепканасында Паси Сальбергдин «Фин керемети 2.0: Фин мектебиндеги ийгиликтүү реформалардан дүйнө эмнени үйрөнө алат?» жана Тимоти Уолкердин “Финдердей окуталы” аттуу китептеринин кыргызча котормосунун бет ачары өттү.

Бет ачарга илимий жана билим берүү чөйрөсүнүн өкүлдөрү жана коомчулук катышты.

Билим берүү саясаты боюнча эл аралык эксперт Паси Сальбергдин китеби Бакытбек Абдуллаев жана Элмира Абжапарова тарабынан англис тилинен кыргызчага которулган.

“Кереге” фондунун демилгеси менен “Китепстан” басма үйүндө даярдалып, “Глобал Принт” басмаканасында басып чыгарылган.

Китеп буга чейин 18 тилге которулса, кыргыз тилине 19-болуп которулду. Кыргыз тилге которулушу чет элдик гранттын эсебинен эмес, ички ресурстан жарык көрдү т.а. жеке ишкер Таалай Кумбаев финансылык колдоо көрсөткөн.

Автор бул китепте ортозаар Финляндия өлкөсү экономикасы менен мектептеги билим берүүсүн ХХ кылымдын акыркы отуз жылында кантип мыкты деңгээлде өнүктүргөнү тууралуу баяндайт.

Ийгиликтүү реформалар окуучулардын баарына бирдей билим алууга мүмкүнчүлүк түзүп, ар бир окуучунун муктаждыгына жараша жекече мамиле жасоо, аз, бирок саз окутуу, алдыңкы жаштарды мугалимдик кесипке тартуу, саясатчыларды мугалимдердин ишине кийлигиштирбей, тескерисинче аларды колдоп, ишеним көрсөтүү аркылуу кантип ишке ашканы тууралуу.

Финляндия билимге таянган алдыңкы коомду өнүктүрүп, көп өлкөлөр үчүн педагогикалык жактан да, экономикалык жактан да баалуу сабактарды бере алат. Бардык саясатчылар жана билим берүү тармагынын кызматкерлерине сунушталат.

Бул китеп дүйнөнү өзгөртүү идеясы үчүн “Grawemeyer” сыйлыгына татыган.

Паси Сальберг – Финляндияда математика мугалими, насаатчы мугалим, изилдөөчү, билим берүү саясаты боюнча эл аралык эксперт. Финляндия билим берүү министрлигинин жетекчилигинде иштеген. Дүйнөлүк Банк, Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюму, Еврокомиссия, Бириккен Улуттар Уюму сыяктуу уюмдарда билим берүү боюнча эксперт болуп иштеген.

Акыркы 20 жылда АКШ, Канада, Европа, Австралия, Орто Чыгыш, Африка жана Азия өлкөлөрүндө билим берүү реформаларын жүргүзгөн лидерлерге кеңеш берген. Гарвард университетинин ардактуу профессору. . Азыр Австралиядагы New South Wales университетинин Гонски институтунун профессору.

Тимоти Уолкердин “Финдердей окуталы” китеби “Фин керемети 2.0” китебинин автору Паси Сальберг бул китептин баш сөзүн жазган. Эки китеп бири-бирин толуктап турат. Паси Сальбергдин китеби негизинен саясатчылар үчүн болсо, бул китеп мугалимдер үчүн. Китепти англисчеден кыргызчага Мамасабыр Саипов которгон. Китептин кыргызчага которулушун жеке ишкер Батыр Аллахунов каржылаган.

Китептин автору Тимоти Д.Уолкер — Финляндияда жашаган жана иштеген америкалык мугалим. Ал Финляндияга келгенге чейин АКШда мугалим болуп иштегендиктен, эки өлкөнүн билим берүү системасын, мугалимдерин жана окуучуларын салыштырып анализ кылат.

Дүйнөнүн кайсы жериндеги мектеп болбосун, практикалык 33 стратегияны сунуштайт. Китептеги стратегиялар эң оболу мугалимге, класс жетекчиге, мектеп директоруна, методисттерге жана чиновниктерге керек. Ошондой эле ата-энелер үчүн да мааниси чоң.

Эки китептин тең редакторлугун Кубат Чекиров, корректорлугун Жетиген Асанбек, мукабасын Динара Чокотаева жасаган.

Арабаев атындагы университеттин ректору Төлөбек Абдрахманов аталган китептер бизди жакшы идея, сунуш, көз караштар менен байыта турганын белгиледи.

Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров Кыргызстандын экономикалык саясаты тууралуу жалпы маалымат берип, билим берүүнү каржылоого көңүл бурулбай келгени тууралуу сөз козгоду.

Мурдагы билим берүү министри Ишенгүл Болжурова фин керемети тууралуу китепти англис тилинен которгон котормочулар Бакытбек Абдуллаевге, Элмира Абжапаровага, Мамасалы Саиповго жана китепти каржылык жактан колдоочуларга, китептин котормосу боюнча иштегендердин баарына ыраазылык билдирди.

Эң негизгиси финдердин сабагын окуп, үйрөнүп, бирок кыргыздар өз менталитетине, жашоо-шартына жараша өзүнүн моделин иштеп чыгуу керектиги тууралуу оюн ортого салды.

Академик Алмазбек Токтомамбетов бестселлер китептер биринчиден маалымдуулукту, жаңыча ой жүгүртүүнү, мезгил талабын сезүүнү, мамлекеттик тилди өнүктүрүүнү жайылта турганын белгилеп кетти.

Китеп тууралуу оюн айткандар кийинки кездерде китептер түп нускадан которула баштаган жакшы жөрөлгөнү белгилеп, бет ачары өтүп жаткан китептер жатык тил менен которулганын, бул билим берүү системасына, мугалимдерге, ата-энелерге, жалпы эле коомчулукка баалуу белек болуп кала турганын билдиришти.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты