Ош базарындагы дүкөндөгү өрттүн себеби такталууда

  • 4 года мурун

Бишкек шаарынын Ленин районунда Киев жана Бейшеналиев көчөлөрүнүн кесилишинде Ош базардын аймагында жайгашкан дүкөндөн чыккан өрт саат 09:10до өчүрүлдү.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Өрттүн жалпы аянты болжол менен 270 чарчы метр. Өрттөн жабыркагандар жок.

Өрт тууралуу маалымат эртең менен эрте, саат 5:49 га түшкөн.

Өрттүн келип чыгышы такталууда.

Сүрөт: ӨКМ маалымат кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты