​Кенже тейлөөчү кызматкерлер айлыгы жогорулады

  • 4 года мурун

Мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы кенже тейлөөчү кызматкерлердин айлык акысы жогорулады.

Бул тууралуу токтомго премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Документ 1-январдан тартып күчүнө кирди.

Токтомго ылайык, автобустардын, жүк ташуучу унаалардын, транспорттук-жыйноочу машиналардын, электро жана авточиркегичтердин айдоочуларынын, жыгач уста, сантехник, слесарь, электрик, иш кагаздарды мукабалоочу, короо шыпыручу, багбан, гардеробщик, кароолчу (вахтер), лифтти тейлөөчү, от жагуучу, кастелянша, курьер, кладовщик, имараттарды оңдоп, тейлеген жумушчулар, калктуу конуштарды жакшыртуу, иш бөлмөлөрдү жана кызматтык аймактарды тазалагандардын эмгек акылары эки эсе жогорулайт.

Токтомду ишке ашырууга жылына 220 млн. сом бөлүнөт, бул республикалык бюджетте каралган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты