Стамбулда кырсыктаган учакта эки кыргызстандык бар

  • 4 года мурун

Кечээ, 5-февралда, Сабихи Гокчен атындагы Стамбул аэропортунда Измир-Стамбул багытындагы каттам жерге катуу конуп, учуу-конуу тилкесинен чыгып кеткен.

Учактын ичинде 177 жүргүнчү, экипаждын 6 мүчөсү отурган, алардын арасында эки кыргызстандык бар.

Бул тууралуу КР тышкы иштер министрлигинин маалымат департаменти бүгүн, 6-февралда, билдирди.

Кыргызстандын эки жараны К.Н. менен И. А. жаракат алып Стамбулдагы ооруканага жаткырылды, тиешелүү медициналык жардам берилүүдө. Врачтардын айтымында, алардын ден соолугу канаттандырарлык.

Стамбулдагы консулдук алар менен байланышта болууда.

Ал эми ЖМКда катуу конгон учактан жабыркаган 160 ка жакын киши ооруканада экендиги кабарланды.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты