​ИИМ: Россияда кыргыздын жасалма паспортторун саткан сайт буга чейин бөгөттөлгөн

  • 4 года мурун

Ички иштер министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгү Кыргызстандын документтерин даярдоого тиешеси бар кишилерди аныктоо, мыйзамсыз иштерге тыюу салуу жаатында Москвадагы укук коргоо органдары менен биргелешкен ыкчам ишаракеттер жүрүп жатканын маалымдады.

Буга чейин жасалма документ саткан сайт Орусиядагы соттун чечими менен бөгөттөлгөн.

ИИМдин маалыматына караганда ал сайт доменин өзгөртүп, мыйзамсыз ачып алып иштетип жаткан.

Орусиялык айрым сайттар Кыргызстандын ички жарандык паспортторун 15 миң рублден сатып жатканы тууралуу бир катар маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Кыргызстандын жасалма паспорт маселеси көптөгөн эл аралык чырларда ачыкка чыгып келген.

Бир нече жыл мурун Стамбулдан террорчулук үчүн шектүү катары кармалгандардын жанынан Кыргызстандын 90 паспорту табылган.

Былтыр Стамбулда киши колдуу болгон кытайлык ишкер Айеркен Саймаитинин өлүмү үчүн шектүүлөрдөн да кыргыз паспорту чыккан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты