Парламент вице-премьерликке Асрандиевди, ӨКМге Аскаровду жактырды

  • 4 года мурун

Жогорку Кеңеш вице-премьер-министрликке Эркин Асрандиевдин, өзгөчө кырдаалдар министрине Замирбек Аскаровдун талапкерлигин жактырды.

Бул тууралуу парламент токтому кабыл алынды.

Талапкерлерди депутаттарга премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тааныштырды.

Өкмөт башчы жаңы вице-премьер-министрге каржы-экономикалык маселелер толугу менен жүктөлө турганын айтты.

«Азыр чек ара жана ЕАЭБ маселелери абдан курч турат. Ошондон улам, чек ара боюнча бардык маселелер Жеңиш Разаковго, ал эми экономикалык, анын ичинде ЕАЭБ боюнча маселелер Эркин Асрандиевге жүктөлөт.

Кыргызстан бийик тоолуу жана сейсмикалык кооптуу аймакта орун алгандыктан, өзгөчө кырдаалдар жаатында көйгөйлүү маселелер арбын. Ал жерге да уюштуруу-чарбачылык тажрыйбасы бар Замирбек Аскаров сунушталууда», — деди ал.

Коллаж сүрөттө: Асрандиев жана Аскаров.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты