​Курсан Асановдун иши сотко жиберилет

  • 4 года мурун

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун ишин тергөө аягына чыгып, сотко өткөрүлгөнү турат.

Бул тууралуу Баш прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Курсан Асанов кылмыш-жаза кодексинин 320, 344, 43, 44, 45-беренелери менен айыпка шектелүүдө. Тактап айтканда:

— ИИМ кызматкери Дамирбек Пайзылда уулу жана Мухаммед-Али Асановду жардамчы жана жансакчы катары пайдаланып, жеке, үй-бүлөлүк жана тууганчылык иштерине жумшагандыгы боюнча айып тагылууда. Мындан мамлекетке 793 197 сом зыян келтирилген;

— Курсан Асанов жана анын өкүл баласы Т. Бейшенбеков болуп вице-премьер Жеңиш Разаков тууралуу оор жана өзгөчө оор кылмышка тиешеси бар деп жалган маалымат тараткандыгы;

— 2019-жылдын 7-8-августунда Кой-Таш айылындагы окуяларда өзүнүн уулу Мухаммед-Али Асанов жана Дамирбек Пайзылда уулу менен келишип алып, тергөө үчүн маанилүү болгон кылмыштын далилдерин жана башка буюмдарды атайын жашырып, кийин аны Алмазбек Атамбаевдин жактоочуларына берген деген айыптарга шек саналууда.

Кылмыш иши сотко өткөрүлүп берилгени турат.

Башкы көзөмөл органы Курсан Асанов 8-август күнү мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин үйүнөн алып чыккан далил буюмдарды жана кылмыш ишин тергөөдө керек болгон маанилүү документтерди жан сакчысы Дамирбек Пайзылда уулу аркылуу баласына бергенин билдирген.

13-августта премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Курсан Асановду кызматтан алган.

Ал эми министрдин мурдагы орун басары өзүнүн кызматтык милдетин аткарганын айтып келет.

27-августта Курсан Асановго Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренеси боюнча кылмышка шектелип жаткандыгы тууралуу маалым кат берилген.

22 жаштагы Мухаммед-Али Асановду кылмышка шектүү катары сыртынан камакка алуу боюнча чечим чыгып, 27-августта ага издөө жарыяланган.

Андан мурда, 23-августта, Алмазбек Атамбаевдин тарапташтарына далил буюмдарды берүүгө катышкандыгы үчүн Дамирбек Пайзылда уулун камакта калтыруу чечимин кабыл алган.

Ички иштер министрлигинин мурдагы орун басары Курсан Асановдун уулу Мухаммед-Али Асанов Оштон «Достук» чек ара посту аркылуу Өзбекстанга чыгып кеткендиги тууралуу аскер прокурору Нуркамал Набиев КойТаш окуясы боюнча комиссиянын кезектеги жыйынында билдирген.

Сүрөттө: Курсан Асанов. Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты