Абылгазиев ЕЭК коллегия төрагасы Михаил Мясникович менен жолугушту

  • 4 года мурун

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өлкөгө алгачкы чет өлкөлүк расмий сапары менен келген Евразия экономикалык комиссиянын коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович менен жолугушту.

Бул тууралуу өкмөттүн маалыматтык камсыздоо кызматы билдирди.

Жолугушууда Евразия экономикалык бирлигинин учурдагы ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары жана интеграциялык биримдикти мындан ары карай өнүктүрүүнүн башкы артыкчылыктары талкууланды.

Абылгазиев Евразия экономикалык бирлигинин рыногунда орун алган тоскоолдуктарды четтетүү чараларын сапаттуу ишке ашырууга өзгөчө көңүл буруу тууралуу билдирди.

Евразия экономикалык комиссиясынын улуттук деңгээлден жогорку компетенциясын күчөтүү маселеси, 2025-жылга чейин евразия экономикалык интеграциясын өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарын аныктаган документтин долбоору талкууланды.

Сүрөт: Өкмөттүн маалыматтык кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты