Жээнбеков ЕЭК коллегия жаңы төрагасы Михаил Мясниковичти кабыл алды

  • 4 года мурун

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 4-февралда, бул кызматта иштеп баштагандан бери Кыргызстанга өзүнүн алгачкы расмий сапары менен келген Евразия экономикалык комиссиянын коллегиясынын төрагасы Михаил Мясниковичти кабыл алды.

Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Президент Сооронбай Жээнбеков Михаил Мясниковичке жакынкы келечекке белгилеген пландарын ишке ашырууда ийгиликтерди каалады.

Михаил Мясникович тоскоолдуктар жана чектөөлөрдү ырааттуу жоюу жана ошондой эле биримдиктин алкагында соода-экономикалык кызматташууну кеңейтүү боюнча Комиссиянын артыкчылыктуу милдеттери жөнүндө айтып берди.

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты