​Индонезияда үч ай акысыз билим алуу үчүн сынак жарыяланат

  • 4 года мурун

Индонезия мамлекетинин тышкы иштер министрлиги искусство жана маданият тармагы боюнча билим алуучулар үчүн стипендиялык программасын жарыялайт.

Бул тууралуу билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Окутуу 2020-жылдын 2-майынан 15-августка чейин Индонезиянын искусство жана маданият борборлорунун биринде өтөт. Алар: Бали, Батыш Суматра, Чыгыш Калимантан, Батыш Ява, Түштүк Сулавеси жана Жокьякарта.

Стипендианттар бир жума жашагандан кийин алардын кызыгуусуна жараша арт-борборлорго бөлүштүрүлөт. Бардык борборлордо Индонезия маданияты жана искусствосу менен тааныштырат.

Ошону менен бирге айрым курстар айырмаланат. Мисалы, Батыш Явада салттуу батик кездемесин даярдоо жараянын жана ява бийин үйрөнүшөт. А Балиде болсо – бали бийин жана гамелан улуттук оркестрин үйрөнөт. Программанын акырында бардык катышуучулар маданият жана искусство кечесине катышат.

Стипендиялык программа төмөндөгү чыгашаларды көтөрөт:

  • Окутуу акысын, класстардын сырткары иш-чаралар;
  • Эки тарапка авибилет;
  • Жатакана жана тамак-аш;
  • Медициналык камсыздандыруу (чектелген), ар бир катышуучуга жеке медициналык камсыздандыруу алуу сунушталат;
  • Жергиликтүү транспорт;
  • Ай сайын 2 000 000 рупий стипендия.

Талаптар:

  • 21 жаштан 27 жашка чейин;
  • Үй-бүлөлүү болбошу керек;
  • Орто билим;
  • Англис тилин билүү зарыл;
  • Индонезия маданият жана искусствосун үйрөнүүгө басым койгон жана Индонезия тилин (минималдык деңгээлде) билгендерге артыкчылык берилет.

Сынакка катышууну каалагандар төмөндөгү документтерди бериши керек:

  • Мотивациялык кат;
  • Паспорт өлчөмүндөгү кызыл фонго түшкөн эки сүрөт:
  • Жарактуу мөөнөтү эки жылдан кем болбогон жалпы жарандык паспортунун фотокөчүрмөсү
  • Академиялык дипломунун фотокөчүрмөсү;
  • Акыркы алынган медициналык справканын фотокөчүрмөсү;
  • Сунуштама каты;
  • Программанын шарттарына макулдугун берген арыз:

Стипендиялык программа боюнча кенири маалыматты бул шилтемеден алсаңыз болот. Анкетаны бул жерден жүктөп алыңыз.

Катышуучулар толтурулган билдирмени 12-февралга чейин Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине тапшырылуусу зарыл. Документтердин көчүрмөсүн[email protected] электрондук дарегине жөнөтүңүздөр.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы

Сүрөттө: Индонезия. Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты