​Текебаев: Шыкмаматовдун «Ата Мекен» партиясынан чыгып кеткенин ЖМКдан билдим

  • 4 года мурун

«Ата Мекен» саясий партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев фракциянын мурдагы лидери Алмамбет Шыкмаматов менен болгон пикир келишпестиктер жөнүндө комментарий берүүдөн баш тартты.

«Азаттыктын» «Эки-бир» берүүсүнүн түз эфиринде ал Шыкмаматов коштошпой туруп, партиядан чыгып кеткенин гана айтты.

«Мен анын депутаттык мандатын тапшырып, партиядан кетерин ЖМКдан билдим. Биз сүйлөшкөн жокпуз, мындан кийин аны менен байланышкан жокмун, андыктан ага суроо бергенге мүмкүнчүлүгүм болгон жок», – деди Текебаев.

Ошол эле маалда ал оппозициялык партиядан кадрлардын кетиши кадыресе көрүнүш экенин, «Ата Мекен» болсо азыр мурда болуп көрбөгөндөй бекем жана биримдиктүү экенин айтты.

2019-жылы 27-декабарда Алмамбет Шыкмаматов депутаттык мандатын тапшырып, «Ата Мекен» партиясынан чыкканын жарыялаган. Ал муну партиянын лидери Өмүрбек Текебаев менен мамилеси бузулгандыгы менен байланыштырган.

«Ата Мекен» партиясынын тизмесинен чыгууга дагы төрт киши – Болот Шер, Талант Узакбаев, Ташболот Балтабаев жана Рысбек Мирзаматов арыз жазган.

Шыкмаматовдун депутаттык мандаты тизме боюнча Нурбек Сыдыгалиевге берилген. Айсулуу Мамашова фракциянын жаңы лидери болуп шайланган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты