​Кытай менен чек ара убактылуу жабылды, аба каттамы токтотулду

  • 4 года мурун

Кыргызстан Кытай менен чектешкен мамлекеттик чек араны убактылуу жапты, аба каттамын токтотту.

Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Мындай чечимди Кыргыз Республикасынын аймагына короновирустун кирүүсүн алдын — алуу жана жайылуусуна жол бербөө боюнча республикалык штаб кабыл алды.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, учурда өлкөдө коронавирустун чыкканы боюнча такталган учур катталган жок. Республиканын бардык көзөмөл-өткөрүү жайларында, Бишкек жана Ош шаарларындагы аэропорттордо санитардык- көзөмөл пунуттары иштеп жатат.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму эл аралык өзгөчө абал жарыялады.

Кыргызстанда Кытайда жайылган коронавирустун алдын-алуу боюнча ыкчам штаб түзүлдү.

Ухань шаарынан кийин коронавирустан Хубей провинциясынын тогуз шаары жабылды.

Дарыгерлер дем алуу органдарын сезгенткен жаңы короновирус кишиден жуга турганын ырасташты.

Сүрөт: кыргыз-кытай чек арасы. Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты