Сот департаментинин мурдагы жетекчиси ири пара алууга шектелип кармалды

  • 4 года мурун

Жогорку соттун Соттук департаментинин мурдагы жетекчиси (Р.И) 31-январда ири суммада пара алууга шек саналып камакка алынды.

Бул тууралуу улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттин комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Коррупцияга каршы кызмат соттук департаментти текшерип, «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» мыйзам бузулганын аныктаган.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Бишкектин Биринчи май райондук сотунун жана соттук департаменттин имаратын оңдоо боюнча тендерде кызматтык адамдар жеке ишкерден опузалап ири өлчөмдө пара алганы аныкталган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты