Мекендештер менен жолугушуу

  • 4 года мурун

Кечээ, 31-январда, Екатеринбург шаарындагы башкы консул Руслан Бийбосунов Свердлов облусунун Березовский айылында жайгашкан «Монетка» соода борборунун ѳндүрүш ишканасында иштеген кыргызстандыктар менен жолукту.

Башкы консул мекендештер менен маектешип, жумуш шарттары менен таанышып, аларды кызыктырган суроолорго жооп берди.

Ошондой эле күзүндѳ ѳткѳрүлчү парламенттик шайлоо тууралуу маалымдап, Россия же башка чет мамлекеттин аймагында шайлоо укугуна ээ болуу үчүн биометрикалык маалыматтарды тапшыруу жана консулдук каттоого туруу зарыл экендиги тууралуу түшүндүрмѳ берди.

Мындан тышкары, Бийбосунов компаниянын ѳндүрүш терминалынын жетекчилиги менен жолугушуп, жумушчулар менен ишкананын ортосундагы эмгек мамилелери боюнча суроолорду талкуулады. Аталган терминалда 700 гѳ жакын кыргыз мекендеш иштейт, алардын 360 Кыргызстандын жарандары.

Бул тууралуу ТИМ маалымат департаменти билдирди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты