​Россияда коронавирус катталды

  • 4 года мурун

Россияда коронавирус пайда болду. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги кабарлады.

Забайкалье жана Тюмень облусунда ооругандар катталды. Экөө тең — Кытайдын жарандары.

Коронавирус Түштүк Корея, Япония, АКШ, Таиланд, Канада, Вьетнам, Сингапур, Непал, Франция, Австралия, Малайзия, Камбоджа жана Германияда катталган.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму эл аралык өзгөчө абал жарыялады.

Кыргызстанда Кытайда жайылган коронавирустун алдын-алуу боюнча ыкчам штаб түзүлдү.

Ухань шаарынан кийин коронавирустан Хубей провинциясынын тогуз шаары жабылды. Дарыгерлер дем алуу органдарын сезгенткен жаңы короновирус кишиден жуга турганын ырасташты.

Саламаттык сактоо министрлиги Кыргызстандагы эпидемиологиялык абал туруктуу экенин, коронавирус катталбаганын маалымдады.

Саламаттык сактоо уюмдарынын бокс тибиндеги палаталарына 12 киши жаткырылды. Алардын баары — Кытайдын жогорку окуу жайларында билим алган студенттер.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты