Аткаминер пара менен кармалды (Видео)

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун Бишкек башкармалыгынын башчысы 1800 евро (143 миң сом) пара алып жаткан жеринен кармалды.

Бул тууралуу экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын (финпол) басма сөз кызматы билдирди.

Кармалган киши чет өлкөгө жумушка бараткан жаранга медициналык аныктама жана башка документтерди даярдап берүү үчүн пара доолаган.

Биринчи май райондук сотунда шектүүнүн бөгөт чарасы каралат.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты