​Кыргызстан «Wanderlust Travel Magazine» журналынын сынагында биринчи орун алды

  • 4 года мурун

«Wanderlust Travel Magazine» журналынын окурмандары берген добушка ылайык, Кыргызстан «Туристтик каттамдары өнүгүп келе жаткан өлкөлөр» наамында сыйлыкты утуп, биринчи орунга ээ болду.

30-январда сыйлыкты тапшыруу аземине Кыргызстандын Британиядагы элчиси Эдил Байсалов катышты.

Элчи журналдын окурмандарына ыраазычылыгын билдирип, Кыргызстан туристтик багытын аныктоодо өлкөнүн жаратылышын жана маданиятын баалай алган туристтерге маани берерин айтты.

Бул тууралуу КР тышкы иштер министрлигинин маалымат департаменти маалымдады.

Сыйлык тапшыруу салтанаты Лондондо «Дестинация: эс алуу жана саякат» деп аталган эл аралык ири туристтик жармаңкенин ачылышында өттү.

«Wanderlust Travel Magazine» журналы жүргүзгөн сынакта «Мыкты туристтик өлкө», «Мыкты шаар», «Мыкты аэропорт» жана башка 11 номинация боюнча жеңүүчүлөр аныкталды.

Аталган журнал жылына он ирет, 40 миңден 80 миң нускага чейин жарык көрөт.

Жыл аягында Кыргызстан эки белгилүү маалымат каражатынын дүйнөлүк туризм боюнча мыкты өлкөлөр рейтингине кирди.

CNN телеканалы Кыргызстанды турист катары эс алууга ыңгайлуу 20 мамлекеттин катарына кошсо, «Bloomberg» экономикалык жаңылыктар агенттиги 2020-жылы туризм үчүн кызыктуу боло турган 24 өлкөнүн бири деп атады.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты