Жээнчороев: «Кыргызстандан чыгарылган күмөндүү акчанын бюджетке тиешеси бар»

  • 4 года мурун

Жогорку Кеңеште убактылуу депутаттык комиссия жыйынында депутат Мирлан Жээнчороев Айеркен Саймаити менен анын «Абдыраз» фирмасы аркылуу чыгарылган күмөндүү акчанын Кыргызстандын бюджетине тиешеси бар экенин билдирди.

— Журналисттер мамлекеттик органдарга маселени айтып берди. Ал акчанын булагы кайдан, кимден алган, ал кантип жүгүртүлгөн — аны укук коргоо органдарынан сурашыбыз керек. Бул неге жаап-жашырылып, иликтенген эмес? Бул каражат бюджетке тиешеси бар экенин түз айтышыбыз керек. Финансы полициясы, Башкы прокуратура «сыртка чыгарылган акчадан 5 миллиарддан ашуун салык төлөнбөй калган» деп жатат. «932 млн. доллардын ичинде салыктар да бар» деп белгилеп жатат. Анын ичинен 70 млн жакын доллары Кыргызстандын каражаты. Ошондуктан бул акча бюджетке тиешеси бар деп ачык айтышыбыз керек, -деди депутат Жээнчороев.

«Азаттык» радиосу, OCCRP жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу жүргүзгөн иликтөөлөрдө Кыргызстандан бир нече жылда жүз миллиондогон доллар чыгарылып кеткени ашкереленген.

Бул боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүлгөн.

Сүрөт: Интернет булактарынан.


Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты