Айзада Касмалиева: «Президент ММКны коррупция менен күрөшүүгө чакырып келет. Биз иликтөө менен жооп беребиз»

  • 4 года мурун

Жогорку Кеңеште Айеркен Саймаитинин ишине байланыштуу убактылуу комиссиянын жыйыны өтүүдө. Анда иликтөө жарыяланган «Азаттык» медиа мекемесинин жетекчиси Айзада Касмалиева маалымат берди.

Коомчулукка жана депутаттарга түшүнүктүү болуш үчүн Касмалиева иликтөөнүн маңызына кыскача токтолуп кетти.

— «Азаттык» жана анын өнөктөштөрүнүн биргелешкен иликтөөлөрү Кыргызстандын бир топ мамлекеттик органдарындагы туташ коррупциянын бетин ачты.

Чет өлкөлүк ишкерлер адегенде Кыргыз бажысындагы байланыштарын пайдаланып, миллиондоп пара берип, ишмердигин жүргүзгөн.

Бажы кызматынын ошол кездеги Оштогу жетекчиси, кийинчерээк төрага орун басары Райымбек Матраимовдун атасынын атындагы фондуна которулган бир нече миллиондогон доллар тууралуу башкача түшүндүрмө болушу мүмкүн эмес.

Акчаны Айеркен Саймаити Абдукадырдын буйругу менен Ысмайыл Матраимов фондуна которгонун ырастайт. Натыйжада Абдукадырдын «Абу Сахий» компаниясы кыргыз жүк ташуучуларын базардан сүрүп чыгарып, Кыргызстан аркылуу жүк ташыган монополистке айланган.

Транзиттик товар Өзбекстанга өтөт деген негиз менен бажы төлөмун төлөбөй, Кыргызстанга товар алып кирип, бирок ал товардын бир бөлүгүн Казакстан, Орусияга чыгарып турган. Кымбат товар арзан товар катары катталган. Ушундан улам мамлекет бажыдан түшө турган ири кирешеден кол жууган. Арам акчаны адалдоо жолу менен алар банктар, курьерлер аркылуу чет өлкөлөргө чыгарып кетишкен.

Ага АКШ, Британия, Германия, Туркия, Бириккен Араб Эмираттарынан кымбат хан сарайлар алынганы белгилүү болду. Мисалы ай талаада жайгашкан «Абдыраз» фирмасынын 30-40 контейнерлүү базары Германиядагы Абдукадырдын компанияларына 10 миллиондогон кредит берет дегенге ишенүүгө болобу?

Мына ушундай жасалма келишим түзүлгөн учурларды аныктап чыга алдык. Бул арам акчаны адалдоонун классикалык жолу болуп эсептелет.

Азыр да финполиция, финчалгын ж.б. органдар 700 млн доллар «Дордой» «Кара-Суу», «Мадина» базарларындагы ишкерлердин акчасы, Кыргызстанга товар катары кайтып келген деген маанини туюнтуп жатат. Бул суу кечпейт деп айтат элек, далил ырастай албайт. Акчанын баары Оштон которулган. Бишкектеги ишкерлер акчасын Ошко, Саймаитиге көтөрүп барат деген акылга сыйбаган көрүнүш.

Бул иликтөөгө жалгыз эле Саймаитинин гана маалыматтары негиз болгон жок, компанияларда иштеп кеткен карапайым жумушчулар, мурда коррупциялык түйүндү жакшы билген бажы, чек ара, банкта иштеген кызматкерлер маалымат беришти.

Коопсуздук маселесинен улам алардын аттарын ачык айтып чыга албайбыз. Коррупцияны ачык айтып чыккан эки чек ара кызматкери Кыргызстандан чыгып кетүүгө аргасыз болушкан. Саймаити — бизге айтып берген ондогон адамдардын бири. Бизге азыр дагы маалымат берип жатышат.

Бажы кызматындагы коррупцияны 2017-жылы эле көргөзгөнбуз. Саймаитинин колундагы документтер ошонун эле уландысы.

Финчалгын Кыргызстан казынасы 6 млрд сом зыян тартканын ырастады. Бардык кыргызстандыктардын ырыскысы кесилген.

Президент ММК каражаттарын коррупциян менен күрөшүүгө чакырып келет. Журналисттер өз жеке керт башынын коопсуздугуна карабай, ишин улантып жатышат.

«Азаттык» радиосу, OCCRP жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу жүргүзгөн иликтөөлөрдө Кыргызстандан бир нече жылда жүз миллиондогон доллар чыгарылып кеткени ашкереленген.

Бул боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүлгөн.

Депутаттар Айзада Касмалиевага бир катар суроолорду берип, жообун алышты.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты