​Россияда Путинди өлтүрүү чакырыгы жазылган сүрөт үчүн кыргыз жараны кармалды

  • 4 года мурун

Санкт-Петербург шаарынын Октябрь райондук соту имараттарга Орусия президенти Владимир Путинге кол салууга чакырык жасаган сүрөттөрдү тартууга шектелген кишини камакка алуу чечимин чыгарды. Бул тууралуу «Интерфакс» кабарлады.

Маалыматка караганда, 22 жаштагы жигитке «Вандализм» жана «Террордук ишмердүулүккө ачык чакырык жасоо» беренелери боюнча күнөө коюлууда.

Тергөөнүн жүрүшүндө ал Интернет аркылуу П., аттуу жаран менен 5 миң рублге келишим түзүп, ага Орусия президентинин сүрөтүн тартып, алдына «Көрсөң өлтүр» деп жазылган трафарет даярдап берүүнү, андан соң бул сүрөттү боек жана трафареттин жардамы менен Петербургдагы имараттардын фасаддарына тартууну сунуштаганы аныкталган.

27-январда алты имаратка сүрөт тартылганы белгилүү болду. Шектүү күнөөсүн мойнуна ала элек. Соттун чечими менен ал 27-мартка чейин камалды. Анын өнөктөшүнүн бөгөт чарасы каралууда.

Орусиялык басылмалардын билдиришинче, эки киши тең Кыргызстандын жараны.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты