Армениянын экс-президентинин иши сотко өттү

  • 4 года мурун

Армениянын Башкы прокуратурасы мурдагы президент Серж Саргсянга байланыштуу кылмыш ишин сотко өткөрдү. Бул тууралуу «Азаттыктын» армян кызматына Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Кылмыш иши дыйкандарды колдоо мамлекеттик программасынан өзгөчө ири өлчөмдө каражат уурдоого байланыштуу ачылган.

Саргсяндан тышкары бул иш боюнча төрт киши суралууда. Алардын арасында мурдагы айыл чарба министри Серго Карапетян да бар.

Серж Саргсян коюлган айыпты четке кагууда. Анын адвокаты жана партиялаштары ишти саясий куугунтук катары баалашат.

Экс-президент үй камагында.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты