​Коронавирус тууралуу жалган маалымат тараткан киши кармалды (Видео)

Кийинки кезде WhatsApp жана башка социалдык түйүндөр аркылуу жалган жана чагымчыл материалдарды тараткандар көбөйдү. Россияда жашап туруп Кыргызстан жарандарына социалдык тармактар аркылуу коронавирус тууралуу жалган маалымат тараткан кыргызстандык жаранды ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгү Россия ИИМ кызматкерлери менен бирге кармады.

Бул тууралуу КР ИИМ басма сөз кызматы билдирди.

Россияда жаша туруп, Кыргызстандын жарандары арасында вотсап жана башка социалдык баракчалар аркылуу коронавирус тууралуу жалган маалыматтар таратыла баштаган. Ал материалдардын арасында ар кыл сүрөт, аудио, видео жазуулар кошо тиркелип, эл ичинде талкууга түшкөн.

ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгү Россиянын ИИМи менен бирге Кыргызстанда жана Россияда коронавирус тууралуу жалган маалыматтарды тараткандар боюнча биргелешкен рейд өткөргөн.

Анын жүрүшүндө Ош облусунун Ноокат районунда 1992-жылы туулган Ж. Ы. аттуу жаран кармалды. Ал Москва облусунда 2009-жылдан бери иштейт.

ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгүндө жалган маалымат таратып жүргөн Ж. Ы. менен түшүндүрүү иштери жургүзүлүп, эскертүү берилди жана кылмыш жазасына тартыла тургандыгы эскертилди.

Ал социалдык баракчалар аркылуу жарандарга кайрылып, жалган маалымат таратпоого убада берди жана элди да жалган маалымат таратпоого чакырды.

Ал жалган маалыматтарды Интернеттен алганын билдирди.

Кыргызстанда жалган маалымат таратуу кылмыш-жаза кодексинин 344-беренеси менен кылмыш жоопкерчилигине тартылат.

Сүрөттө: Коронавирус микроскоп менен караганда.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты