​Айеркен Саймаитиге байланыштуу депутаттык комиссиянын отуруму өтөт

  • 4 года мурун

Эртең, 31-январда, Жогорку Кеӊеште Айэркен Саймаитиге байланыштуу маалыматтарды иликтөө боюнча Жогорку Кеңештин убактылуу депутаттык комиссиясынын отуруму өтөт.

Отурумга тиешелүү мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрү жана “Азаттык» үналгысынын жетекчилери чакырылган.

Кытай жараны Айеркен Саймаитиге жасалма кыргыз паспортун берүү фактысына байланыштуу сотко чейинки өндүрүш быйыл июль айында башталып, Сузак райондук калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүнүн жетектөөчү адисине айып тагылган.

Стамбулда 10-ноябрда киши колдуу болгон кытай жараны Айеркен Саймаитинин ысымы «Азаттыктын» быйыл май айынын соңунда жарыялаган «Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи» аттуу иликтөөсүндө аталган. Анда 700 млн доллардын тегерегиндеги каражат Айеркен Саймаити аттуу кытайлык жаран аркылуу бир нече жыл бою күмөн жолдор менен Кыргызстандан чыгарылып келгени тууралуу кеп болгон.

Аны өлтүрүүгө шектүү катары үч адам Түркияда кармалган

Сүрөттө: Айеркен Саймаити.Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты