​Чарчап калган бир жашар кыздын сабалганы анык болду

  • 4 года мурун

Чарчап калган бир жашар кыздын сабалганы аныкталды.

Бул тууралуу ЖМКга Ак-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Улан Канаев билдирди.

— Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгын алдык. Анда бир жашар Ясина оор, катуу буюм менен сабалганы аныкталган.

Тергөөнүн дагы кошумча эки суроосуна жергиликтүү эксперттер жооп бере албайт экен. Ошол себептен улам комплекстүү экспертиза жүргүзүүгө Бишкекке жөнөттүк. Тергөө иштери уланып жатат, экспертиза толук даяр болгондо да ишти улантабыз, — деди Канаев.

10-январда Ысык-Көлдөгү Ак-Суу райондук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө бир жашар Ясина оор абалда түшкөн. Аны Боз-Учук айылынан туугандары «сасык тумоо болуп жатат» деп алып келишкен. 11-январда кыз эсине келбей чарчап калган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты