​Кезекке туруу сизди тажатабы?

  • 4 года мурун

Сиз кезек күтүп турганда кабатырлана баштайсызбы? Эмне үчүн? Анда бул маалыматка көңүл буруңуз!

1. Адамдар кезекке тургандан кийин 7-мүнөттө кабатырлана баштайт, эгерде бул учурда алар эч нерсе менен алек болбосо. Бул сандар Британия компаниясынын сурамжылоосунун негизинде берилген (Lightspeed 2018-жылы).

2. Американын аэропортунда жүргүнчүлөр арыздана башташкан, себеби алардын жүктөрү өздөрүнөн кеч келген. Ошондон кийин жүргүнчү ташуучу самолёттун жолун жүк ташуучу самолётко ылайыктап узартышкан.

3. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин массалык түрдө бийик имараттарды куруу башталган. Анда адамдар лифтти көпкө күтүп калып жатабыз деп арызданышкан. Администрация алардын арызына карап, лифттин жанына күзгү орното баштаган, себеби кишилер күзгүгө каранып, бош турган эмес.

4. Биринчилерден болуп супермаркеттер пайда болгондо, кассанын жанында көптөгөн адамдар кезекке туруп калышчу. Ошого байланыштуу кассанын жанына атайын майда-барат нерселерди — сагыз, шоколад, конфет тизишкен.

Кардарлар көңүлүн ошол жакка буруп, ошондон кийин арызданбай калышкан. Майда-баратты ал жакка тизгенден кийин супермаркеттерде жакшы акча түшө баштаган.

5. Диснейлендде кезекке турган кардарлар арызданышкан. Буга байланыштуу башкаруучулар табло орнотуп, ага саатын жазып койгон, бирок анда берилген убакыт көбүрөөк болгон. Ошондон кийин кардарлар арыздануусун токтоткон.

Эмнеге мындай болот?

Америкалык психолог Давид Майстер “Кезек күтүү психологиясы”- “Психология очереди” деген эмгегинде белгилегендей, киши күтүүдө өзүнүн кыймыл-аракетине таасир берет. Өзүңүз да байкап көргөндүрсүз, бир нерсе менен алек болуп жатканда убакыт абдан бат өтөт.

Бирок жөн гана кезекте турганда, эч нерсе менен алек болбой, убакытты текке кетиргендей сезилет. Андан да кызыгы киши көп күткөндөй боло берет.

Кезекке туруу жагдайын изилдеген адис Массачусетс технологиялык институтунан Ричард Ларсон кезекке турууда адамдардын 36%ы күткөн убактысын эсептешерин, 15 мүнөт күтүшсө, өздөрүнө 20 мүнөт күткөндөй сезилерин белгилейт.

Кезекке турууда бизди дагы башка нерселер кабатырлантат. Бул — белгисиздик, дагы канча күтүшүбүз керек, балким унутуп калдыбы деген ой келип, киши кабатырлана берет. Эгерде адам эч кандай эскертүүсүз 20 мүнөт күтсө, анда анын ачуусу келет. Ага эскертүү берилсе, 30 мүнөт да кабатыр болбой күтө берет, себеби күтөөр убактысы белгилүү.

Ушундай ар кандай ыкмалар менен кезекке турган адамдардын көңүлүн башкага бурушкан.

Булак: Үч чекит

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты