Матраимовдордун медиаларга доосу боюнча сот уланууда

  • 4 года мурун

Бүгүн, 29-январда, Бишкектин Свердлов райондук сотунда Матраимовдордун «Азаттык» жана «Клооп» медиаларына койгон доосу боюнча сот отуруму уланууда.

Матраимовдордун юристи Канатбек Азиз аталган медиаларга иликтөө боюнча фактыларды бергиле деп айтылганын белгиледи.

Адвокат Канатбек Азиз 24 kg юристтери менен сүйлөшүп, «өзүңөр далилдер жок деп мойнубузга алабыз деп айткыла» деп айтылганын билдирди.

2019-жылдын 19-декабрында, Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн «Азаттык», «Клооп», 24 kg медиаларына жана журналист Али Токтакуновго койгон доосу боюнча сот отуруму башталган.

2019-жылы 21-ноябрда жана 4-декабрда «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо» жана “Көмүскө акча ташыгандар кербени” деген иликтөө жарыялаган.

Сүрөт: «ПолитКлиника» медиасы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты