​Гүлнара Каримованын Улуу Британиядагы мүлктөрүнүн тизмеси жарыяланды

  • 4 года мурун

The Times гезити Өзбекстандын мурдагы президенти Ислам Каримовдун улуу кызы Гүлнара Каримовага таандык Улуу Британиядагы мүлктөрдүн тизмесин жарыялады.

Ага ылайык, Каримова жалпы баасы 40 миллион фунтка (52 миллион доллар) жеткен Суррей графтыгындагы чоң үйгө жана Лондондун престиждүү райондорундагы эки батирге ээлик кылат.

Маалыматка караганда, Суррей графтыгындагы Gorse Hill Manor деп аталган хансарайды Каримова 2010-жылы 18 миллион фунтка (23,5 миллион доллар) сатып алган. Анын учурдагы баасы 30 миллион фунтту (39 миллион доллар) түзөт. 1912-жылы курулган хансарайдын аймагында кайык менен сейилдөөгө ылайыкташкан кичинекей көл жана 70 миң чарчы метр аянтты ээлеген бакча бар.

Лондондун Мейфэр районундагы батирдин баасы 8 миллион фунтту (10,4 миллион доллар), Белгравия районундагысы 2 миллион фунтту (2,6 миллион доллар) түзөт.

Буга чейин Өзбекстандын Жогорку соту 8-январда Гүлнара Каримованын үстүнөн жаңы сот процесси башталганын, ал жабык өтүп жатканын кабарлаган. Учурда Зангиата районундагы аялдар абагында камакта отурган Каримова бул жолкусунда «Опузалап акча талап кылуу», «Бюджеттик каражатты уурдоо» жана «Кылмыштуу жол менен табылган кирешелерди адалдоо» беренелери боюнча айыпталууда.

Гүлнара Каримовага 2015-жылы Швецияда, Швейцарияда жана АКШда кылмыш иштери козголуп, ал миллиард доллардай каражатты өздөштүрүп алган деп айыпталган.

2017-жылы атасы көз жумгандан кийин Каримова Өзбекстанда «Салык төлөөдөн качуу», «Акча уурдоо», «Опузалоо» жана «Офшордук компаниялардын документтерин жок кылуу» беренелери боюнча күнөөлүү деп табылып, 10 жылга эркинен ажыратылган.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы.

Сүрөт: ТАСС.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты