​Денесинде ур-токмоктун тагы болгон эки жашар бала чарчап калды

  • 4 года мурун

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда эки жашар бала чарчап калды. Алдын-ала маалыматтарга караганда ал ур-токмоктон көз жумду деп божомолдонуп жатат.

Бул тууралуу Жалал-Абад ички иштер башкармалыгы ЖМКга билдирди.

Маалымат боюнча, 27-январда Октябрь айылындагы ооруканага 2017-жылы туулган А.Б. аттуу баланын сөөгү түшкөн. Анын денесинде ур-токмоктоонун тагы болгон.

Бул факты кылмыш жана жоруктар реестрине катталган.

Чарчап калган баланын атасы Россияда иштээри, апасы 2019-жылы каза тапканы маалым болгон.

Бул иш боюнча Д.А. суракка алынды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты