​Окуучулардан өздүк идентификациялык номур чогултуу себеби

  • 4 года мурун

Билим берүү жана илим министрлиги мектептерде эмне үчүн окуучулардын идентификациялык номуру чогултулуп жаткандыгына түшүндүрмө берди.

«Билим берүү жана илим министрлигинин 2019-жылдын 25-ноябрындагы буйругуна ылайык, “Жаңы китеп” мекемеси китептерди башкаруунун маалыматтык системасын түзүүнү баштаган. Анын негизинде китепти ижарага алып окуган окуучулардын маалымат базасы түзүлүп жатат.

Өздүк идентификациялык номер окуучунун тек-жайын аныктоочу бирден-бир уникалдуу идентификациялык код. Бул окуучунун аты-жөнү туура, так болушун камсыздайт.

Өздүк идентификациялык номур мектеп окуучусун аныктоо үчүн системага бир гана жолу киргизилет. Маалымат ата-энелердин макулдугу менен чогултулат» деп билдирди министрликтин басма сөз кызматы.

Буга чейин коомчулукта мектептерде окуучулардын идентификациялык номуру чогултулуп жаткандыгы тууралуу сөз болуп келген.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты