Кыргызстанда 94 миң жумушсуз кишиден 123ү гана пособие алат. Эмнеге андай аз?

  • 4 года мурун

Кыргызстанда жумушсуздардын саны — 94 миң. Булардын арасынан 123 киши гана мамлекеттен пособие алат.

Бул тууралуу эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Камалдин Токтосартов бүгүн, 29-январда, Жогорку Кеңеш жыйынында калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү боюнча мыйзам долбоорун кароо учурунда депутат Алмазбек Токторовдун суроосуна жооп берүүдө билдирди.

— Жумушсуздардын саны 94 миң, алардын арасынан 123 киши гана мамлекеттен жумушсуздар пособиесин алат, -деди министрдин орун басары.

Жумушсуздардын пособие алуу үчүн кайрылбаганынын себебин министрдин орун басары мындайча түшүндүрдү:

— Пособиенин суммасы аз — 300 сом, ошондуктан пособие алуу боюнча кайрылгандар аз, — деди Токтосартов.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты