Депутаттар Төрөбаев менен Жолдошбаев коронавирус маселесин көтөрдү

  • 4 года мурун

Бүгүн, 29-январдагы, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутаттар Бакыт Төрөбаев менен Камчыбек Жолдошбаев Кытайдан чыккан коронавирус маселесин көтөрдү.

Төрөбаев Кытайдын Ухань шаарындагы студенттер менен байланышып, алардын ал-абалынан кабар алганын билдирди.

-Ухань шаарында студенттер үч маселени айтты. Алар изоляцияда болуп калды. Башка мамлекеттер аракет жасап жатат. Айрыкча коңшу мамлекеттер. Коңшулар менен сүйлөшүп, биздин студенттерди Ухань шаарынан чыгарып кетүү керек.

Экинчиси, алар «чыга албай калсак, акча түгөнүп калышы мүмкүн, каражаттан жардам берсе» деп суранганын билдирди. Кокус алар көпкө калып, уруксат бир мезгилде берилип калса, акча жок болуп калышы мүмкүн деп айтышты, — деди Төрөбаев.

Депутат Камчыбек Жолдошбаев кытай вирусунун алдын-алыш үчүн чоң соода түйүндөрүн токтотуш керектигин билдирди.

— Борбордук базарларда, «Дордой», «Мадинада» кытай жарандары жүрөт, өзүнчө иш-чара караш керек,- деди Жолдошбаев.

Жогорку Кеңеш төрагасы Дастан Жумабеков депутаттарга жооп кылып, Коопсуздук кеңешинде, өкмөттө бул маселе боюнча иш алгылыктуу жүруп жатканын белгиледи.

Сүрөт: коронавирус микроскоп менен караганда. Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты