​Биометрикалык паспорт 2021-жылдан тартып бериле баштайт

  • 4 года мурун

Кыргызстанда биометрикалык жалпы жарандык паспорт 2021-жылдан тартып бериле баштайт.

Бул тууралуу каттоо кызматынын басма сөз катчысы Адилет Бейшеналиев билдирди.

Анын белгилешинче, буга чейинки тендердин жыйынтыгын жокко чыгарган сот чечими жаңы сынак жарыялоого жол ачты:

— Бул чечим 2020-жылы сүйлөшүү жүргүзүүгө, тендер жарыялоого, биометрикалык паспорт киргизүү боюнча бир чечимге келүүгө жол ачты. 2020-жылы толук иш алып барабыз да 2021-жылы, буюрса, колдонууга берели деген план койдук.

Чет мамлекетке чыкканда колдонулуучу паспорттун биометрикалык түрүн чыгаруу боюнча тендерди Мамкаттоо 2018-жылы жарыялаган. Ага чет өлкөлүк беш компания катышып, литвалык «Гарсу Пасаулис» компаниясы жеңүүчү аталган.

Бирок сынактын дагы бир катышуучусу, германиялык «Мүлбауэр» компаниясы «тендерде эреже бузууга жол берилди» деп, сынактын жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылган.

Натыйжада 2019-жылдын ноябрында Жогорку сот «Гарсу Пасаулис» жеңүүчү деп табылган тендердин жыйынтыгын жокко чыгарган.

АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясы жети мамлекеттин, анын ичинде Кыргызстандын жарандарынын бул өлкөгө киришин чектеген мыйзам долбоорун даярдап жатканы 21-январда белгилүү болду.

Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун айтымында, мындай сунушту АКШнын күч органдары бергени тууралуу маалымат бар. Себеби 2017-жылы Кошмо Штаттарда биометрикалык паспорт бербеген өлкөлөрдүн жарандарынын бул өлкөгө киришин 2020-жылдан тартып чектей турган мыйзам кабыл алынган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты