«Талибан» Ооганстанда америкалык учакты атып түшүргөнүн билдирди

  • 4 года мурун

27-январда Ооганстандын чыгышындагы Газни провинциясында учак кыйрады. Муну провинция губернатору тастыктады. Учак «Талибан» кыймылы көзөмөлдөгөн аймакка кулаган.

«Талибан» кыймылы учакты атып түшүргөнүн мойнуна алды.

«Учактагы бардык адам мерт болду. Ичинде АКШ чалгынынын (ЦРУ) башкы офицерлери болгон», деп айтылат билдирүүдө.

Учак кулаган аймакта жүргөн жергиликтүү журналист Associated Press агенттигине учактын сыныктарын жана эки кишинин сөөгүн көргөнүн кабарлаган.

Flightradar кулаган учакты Ооганстанда америкалык аскерлер колдонгонун ырастады. Окуя болгон жерде тартылган сүрөттөрдөн америкалык аскердик аба күчтөрүнүн эн белгилерин көрүүгө болот.

Ооганстан бийлигинин маалыматына караганда, учак толугу менен күйүп кеткен.

27-январда Ооганстандын Дех-Як провинциясында Ariana Afghan Airlines авиакомпаниясынын жүргүнчүлөр учагы кулаган.

Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы билдирди.

Алдын-ала маалыматтарга караганда, учакта 83 жүргүнчү болгон.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты